www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда милиция 2нен 10-майга чейин «Өспүрүм түн» аталышында рейд өткөрүүдө. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, рейддин жүрүшүндө кызматкерлер саат 22:00дөн кийин коомдук жай, дүкөн, компьютердик клуб жана эс алуучу жайларда көзөмөлсүз, коомдук адеп-ахлакка туура келбеген терс көрүнүштөрдү жасап жүргөн, ошондой эле мектеп жашындагы окубаган балдарды аныктап, укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Ал эми алардын ата-энелерине мыйзам чегинде чара көрүлөт.

 

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, социалдык жактан коргоо кызматтары жана аймактык билим берүү тармагынын кызматкерлери катышууда.

2-майда өткөн рейддин биринчи күнүндө Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 74 жана 102-беренелеринин негизинде өспүрүмдөрдүн ата-энелерине Алай районунда 5, Араван районунда 2, Кара-Суу районунда 12 жана Өзгөн районунда 6 протокол түзүлүп, 25 миң сом айып пул салынды.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости