www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК Ош шаарында «Аль-Азиз» реабилитациялык борборунда мыйзамсыз иштөө фактысын аныктады.
Тактап айтканда, аталган реабилитациялык борбор ар кандай көз карандылыктан жабыркаган адамдарды дарылоо боюнча иш жүргүзүп келген. Ошол эле учурда борбордун ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын одоно түрдө бузуу менен жүргүзүлгөн. Тактап айтканда, борбордун кызматкерлери жогорку медициналык билими жана тиешелүү лицензиялары жок болсо да медициналык кызмат көрсөтүп келишкен. Бейтаптарда курч психологиялык кризис пайда болгон учурларда аларга карата күч колдонулуп, тынчтандыруу үчүн атайын каражаттар пайдаланылган, Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүлүшү чектелген күчтүү психотроптук дары-дармектер берилген.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык А.у.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.