www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында «Цзю-Цзю-Си» ЖЧКсы тарабынан мыйзам бузуу фактылары аныкталды.
Маалыматка ылайык, компания өзүнө бөлүнүп берилген жер аянтынан тышкары кошумча жер тилкесине мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзгөн. Мындан тышкары, жердин күрдүү кыртышын алуу, сактоо жана жаткыруу боюнча талаптардын бузулганы белгиленген.
Аталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, протоколдор таризделди. Ошондой эле жер тилкесин калыбына келтирүү боюнча мурда берилген эскертүү талаптары аткарылган эмес.
Натыйжада Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 149-беренесинин негизинде компанияга 100 миң сом, ал эми 241-берене боюнча 17 миң сом айып пул салынды.
Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат жер ресурстарын мыйзам талаптарына ылайык пайдалануу багытындагы көзөмөл иштерин улантарын билдирди.