www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
15-25-октябрда Ош шаарында биринчи жолу сеньорлор арасындагы шахмат боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда Азиянын ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 50+ жана 65+ жаш категорияларындагы шахматчылар, эл аралык гроссмейстерлер жана чеберлер, өлкө чемпиондору жана шахмат олимпиадаларынын катышуучулары күч сынашат.
Жалпы байге фонду 4 миң АКШ долларын түзөт.
Бул чемпионат Кыргызстанда сеньорлор арасындагы шахмат боюнча Азия чемпионаты биринчи жолу өтүп жаткандыгы менен тарыхый мааниге ээ.
Мелдеш кыргыз шахматынын эл аралык деңгээлдеги аброюн жогорулатып, Ош шаарын ири эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүүгө жөндөмдүү шаар катары таанытууга чоң мүмкүнчүлүк берет.