www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

14-сентябрда Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында министр Акыл Токтобаевге депутат Алишер Козуев эскертүү берди.

Жыйында «Күрөө жөнүндө», «Жер казынасы жөнүндө» жана «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Долбоор боюнча баяндама жасаган Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрине депутат Алишер Козуев кайрылды.

Козуев министрлик комитет менен тыгыз кызматташуусу керектигин белгилеп, мыйзам долбоорун депутаттар менен биргеликте талкуулап, конкреттүү сунуштарды киргизүүгө чакырды.
«Урматтуу Акыл Токтобаевич, комитет менен кызматташыңыз, депутаттардан качпаңыз. Келиңиз, сунуш киргизиңиз, биз колдойбуз.

Сиз өзүңүз келбей жатасыз. Сиз шайлангандан бери бул жерден сизди көрө элекпиз», — деди депутат.

Өз кезегинде министр Акыл Токтобаев бул атайылап жасалбаганын айтты. Анын айтымында, министрликтин өкүлдөрү учурда ар кайсы аймактарда текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ошол эле учурда ал депутаттын сунушун туура деп таанып, мындан ары кызматташууга даяр экенин билдирди.

Козуев министрликке убакыт таап, комитетке конкреттүү сунуштар жана баяндамалар менен келип турууну өтүндү.

Ошондой эле мыйзам долбоорунун концепциясын убакыттын тардыгына байланыштуу суроолорсуз кабыл алып, документти экинчи окууда кеңири кароону сунуштады.

Жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда бир добуштан кабыл алды.

Последние новости