www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто сойкулук кызмат көрсөткөн чет элдик жарандар кармалды

Ош шаарында сойкулук кызмат көрсөткөн чет элдик жарандар аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине Р. аттуу жаран аял кишилердин сойкулук кызматын аткарууга көмөктөшүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен кылмыш иши козголуп, Ош облустук ички иштер башкармалыгы ИИМдин Ички иликтөө жана УКМК кызматкерлери менен биргеликте ыкчам тергөө амалдарын баштаган.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө аракеттеринин натыйжасында 25-апрель күнү Ош шаарынын аймагында жайгашкан мейманканаларда коңшу өлкөнүн 13 жараны (аял кишилер) кармалып, тергөө кызматына камсыз болушкан.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө коңшу өлкөнүн 1984-жылы туулган К.Т. аттуу жараны кылмышка шектүү катары кармалып, анын жанынан сойкулук кызмат көрсөтүүнү уюштургандыгы үчүн алдын ала белги коюлган акча каражаты далил буюм катары алынып, камакка алынган.

Алдын ала маалымат боюнча кылмышка шектүү К.Т. кардарлар менен кызмат акысын сүйлөшүп алып, аял-кишилерди коңшу өлкөдөн чакырып, шаар аймагындагы мейманканаларында системалык түрдө сойкулук кызмат көрсөтүүнү уюштуруп келген.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөо амалдары уланууда.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости