www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында эки күн ичинде үч таксистти бычак менен коркутуп, акча талап кылды деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-май күнү болжол менен 14:00дөр чамасында Ак-Буура милиция бөлүмүнө Ош шаарынын жашоочусу кайрылган.

Ал шаардагы көчөлөрдүн биринде жүргүнчү ташып иштеп жүргөндө белгисиз жаран бычак менен коркутуп, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, качып кеткендигин билдирген. Ошол эле күнү милиция кызматкерлери изи сууй электе Ноокат районунун 22 жаштагы тургунун кармаган. Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Бейбаштык" беренеси менен катталган. Тергөө аракеттери жүрүп, шектүү суракка алынган соң коё берилген.
Бир күндөн кийин, 19-майда кайрадан белгисиз жаран эки таксистти бычак менен коркуткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Шектүү таксисттердин бирөөсүнүн чөнтөгүндөгү акчасын, экинчисинин телефонун коркутуп тартып алып, качып кетүүгө үлгүргөн.

"Буга чейин кылмышка шектүү катары кармалып, сурактан кийин коё берилген жаран кайрадан колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Окуялар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене ("Бөтөн адамдын мүлкүн ээлеп алуу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды", — деп айтылат маалыматта.

Шектүүнүн жүрүм-турумунан, сүйлөгөн сөздөрүнөн шек жаралгандыктан психиатриялык экспертиза дайындалганы белгилүү болду.

Булак: NazarNews.org

Последние новости