www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде туристтик сезондун ачылышына арналган “Ош менен Сулайман-Тоо сооданын жана маданияттын көпүрөсү” аттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, жергиликтүү бийликтин жана Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын Ош шаарындагы консулдуктарынын өкүлдөрү, коомдук уюмдар, туроператорлор, ички жана чет элдик туристтер, кол өнөрчүлөр, жергиликтүү тургундар катышты.
Туристтик сезондун ачылышына карата улуттук даамдардын көргөзмөсү, кол өнөрчүлүк, сүрөт жана сувенир жарманкеси көргөзүлүп, жаңы сезонго карата жаңылыктардын презентациясы тааныштырылды. Ошондой эле Сулайман-Тоонун тарыхый-маданий эстеликтерине комплекстүү маршруттук экскурсиялар уюштурулуп, иш-чара концерттик программа менен коштолду.