www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында Шаар күнүнө карата TURKSEN 3 эл аралык профессионалдык бокс турнири өтөт.
Иш-чара ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун колдоосу менен уюштурулмакчы.
Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кыргыз профессионалдык бокс лигасынын президенти Шайлообек Атазов менен жолугушууда талкуулады.
Турнирге түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнөн жана башка мамлекеттерден белгилүү профессионал мушкерлердин катышуусу күтүлүүдө.
Мелдешке дүйнөнүн жети жолку чемпиону, кыргызстандык белгилүү боксчу Орзубек Назаров да катышат.
Жолугушууда мэр мындай ири эл аралык спорттук мелдештин Ош шаарында өткөрүлүшү шаардын эл аралык аренадагы аброюн жогорулатып, аны спорттук борбор катары таанытууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Ал эми Шайлообек Атазов турнир профессионалдык бокс күйөрмандары үчүн чоң спорттук майрам болорун айтып, программада бир катар кызыктуу жана курч беттештер орун аларын билдирди.
Турнир Ош шаарынын күнүнө карата өткөрүлүп, шаардагы ири спорттук иш-чаралардын бири болмокчу.