www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто уй жана кой этинин баасы көзөмөлгө алынды

Ош шаарында уй жана кой этинин баалары көзөмөлгө алынып, эт сатуучу жайларда бааны белгиленген деңгээлден жогорулатпоого макулдашылды.

Бул багыттагы иштерди Ош шаардык мэриясы жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жүргүзүүдө.

Анын алкагында эт саткан дүкөндөрдө рейд өткөрүлүп, сатуучуларга бааны негизсиз жогорулатпоого байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мэриянын маалыматына караганда, мындан ары эт сатуучу жайлардагы баалар көзөмөлдө болуп, алардын өзгөрүүсүнө жол берилбейт.

Последние новости