www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто жасалма акча таратып жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-июлда Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын 28 жаштагы З.Б. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 15-июлда Кара-Суу районунун Мады айыл аймагындагы май куюучу жайлардын бирине жашы 25-30 курактагы жаран келип 100 доллар берип, 2 000 сомго күйүүчү май куюп, 6 700 сом кайтарым катары алып, артынан дагы 100 долларын 8 700 сомго алмаштырып алып кеткендигин, эртеси отчет тапшырып жаткан учурда аталган акча каражаттары жасалма экендиги билишип калгандыгын билдирген.

Бул факты 18-июлда Ош ОИИБинин маалымат электрондук журналына катталып, кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан текшерүү иштери башталган.

Чогултулган материалдар Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси (Жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө кызматы тарабынан бул акча каражаттарына соттук-техникалык экспертиза дайындап, анын корутундусу менен 200 доллар жасалма экендиги аныкталган.

Кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын 30 жаштагы Ж.А. аттуу кармалган.

Ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү Ж.А.нын кылмыштуу шериктери Кара-Суу районунун 35 жаштагы Ж.Т. жана 32 жаштагы Т.Д. тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алар алдын ала сүйлөшүп, жеңил пайда табууну көздөшүп, Кара-Суу аймагында жайгашкан 4 автоунааларга май куюучу жайларда жалпы 1000 доллар акча каражатын кыргыз сомго алмаштырып кеткендиги аныкталды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости