www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаардык прокуратурасы жер казынасын пайдалануу тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузууларды аныктап, үч кылмыш ишин козгоду.
Прокуратуранын маалыматына ылайык, Ош шаарынын мэриясы тиешелүү ыйгарым укугу жок болсо да, кум-шагыл аралашмасы менен чопо топурагын казып алууга укук берген 33 күбөлүктү мыйзамсыз берген.
Ошондой эле Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын кызмат адамдары жасалма токтомдордун негизинде жайыт жерлерин жеке жактарга мыйзамсыз өткөрүп берип, мамлекетке 78,6 миллион сом өлчөмүндө зыян келтиргени аныкталган.
Мындан тышкары, Ош–Ноокат унаа жолунун боюнда иш алып барган айрым ишканалар лицензияда көрсөтүлгөн аймактан тышкары кум-шагыл казып, жер кыртышын бузганы белгиленди.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен үч кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Мындан сырткары, мыйзамсыз берилген жер тилкелерин жана күбөлүктөрдү жокко чыгаруу, бузулган жерлерди калыбына келтирүү, ошондой эле лицензияларды кайтарып алуу боюнча Ош шаарынын мэрине жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине прокурордук сунуштамалар киргизилди.