www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
13-мартта саат 16:07 чамасында Ош облусунун Алай районундагы Курманжан-Датка айыл аймагынын Кызыл-Ой айылындагы тоонун үстүндөгү кар ээрип түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Анын кесепетинен тоонун боорунан 8 үйдү карай суулар агып, жер көчкү коркунучу активдешип, тоонун бетинде жаракалар пайда болгондугу тууралуу маалымат берилген.
Жерине ӨКМдин Алай райондук ӨКБдан ыкчам топ тартылып, тактоо иштерин жүргүзүшүп жогоруда аталган үй тургундары туугандарыныкына убактылуу көчүрүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин ӨКМ тарабынан аталган аймак жер көчкү коркунучу бар деп аныкталган.
Жалпы 15 үйдүн жашоочуларына кооптуу аймак экендиги тууралуу корутунду берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле 5 үйдүн ээсине мамлекет тарабынан жер тилкелери берилип, Алай райондук ӨКБ тарабынан эскертмелер берилип келген.