www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто жер талаштан улам чыр чыкты

Оштун Кара-Суу районунда Төлөйкөн айыл аймагынын Учар айылынын тургундары менен Папан айылынын тургундары эки гектардан ашуун жерди талашып жатышат.

Жер Төлөйкөндө жайгашкан. Учар айылынын 11 тургунунун үлүш жерин Папандан келген ондон ашуун үй-бүлө айыл өкмөттүн мурдагы башчысынан сатып алганын айтышууда.

Алар сугат жерге там салып алышканы белгиленип, эки тарап соттошкон. Ош облустук соту жерди үлүш ээлерине кайтаруу боюнча чечим чыгарган.

Бүгүн, 6-майда Кара-Суу райондук сот аткаруучулар келип, турак-жайларды бузууга аракет кылганда, үй ээлерибиз деген ондон ашуун адам тоскоолдук кылып буздурбай коюшту. Үй бузууга келген техниканы көздөй таш ыргытышты.

Эске салсак, буга чейин Төлөйкөн жана Папан айыл аймактарынан мурдагы жетекчилери сот жообуна тартылып, келтирилген зыянды төлөп берүү милдети менен эркиндикке чыгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости