www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, жарандарды коркутуу жана акча каражатын опузалап талап кылуу фактыларына шектүү жаран кармалды.
2026-жылдын 2-февралында саат 20:00 чамасында Ош шаарынын убактылуу тургуну, телефон аркылуу Ош шаарындагы “Делюкс” мейманканасынын жанына чакырылган. Аталган дарекке барганда белгисиз жаран өзүн Ош ШИИБнин «Нрав» бөлүмүнүн кызматкеримин деп тааныштырып, кызматтык күбөлүгүн көрсөтпөстөн, 15 000 сом акча каражатын талап кылган. Ошондой эле 3–5 суткага камай тургандыгын айтып, оозго алгыс сөздөр менен коркутуп, жарандан 15 000 сом алып кеткен. Мындан тышкары, ар жума сайын 10 000 сомдон акча берип турууну талап кылган.
Бул факт боюнча кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (опузалап талап кылуу) менен катталып, тергөө амалдары башталган.
Мындан сырткары, 2026-жылдын 31-январынан 1-февралына караган түнү саат 00:16 чамасында Ош шаарынын А. Шакиров көчөсүндө жайгашкан батирде дагы ушундай эле факт катталган. Шектүү жаран өзүн “Руслан” деп тааныштырып, милиция кызматкеримин деп жалган айтып, 1990-жылы туулган А. уулу Ж. аттуу жарандан 20 000 сом талап кылган. Акча бербеген учурда камай турганын айтып коркуткан.
Жабырлануучу акча каражаты жок экенин билдиргенине карабастан, шектүү жабырлануучунун колунда турган капчыкты тартып алып, капчыктагы 7 700 сом акчаны ачык түрдө тартып алып, кошумча акча таап коюуну талап кылып чыгып кеткен.
Бул факт боюнча кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту (ачык түрдө мүлк тартып алуу) менен катталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 1993-жылы туулган К.Н. кармалып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аталган жаран буга чейин бир нече жолу соттолгондугу аныкталды. Ал кылмыштарды өзүн “милиция кызматкеримин” деп тааныштырып, жарандарды коркутуу жолу менен жасаганы тергөөнүн алгачкы жүрүшүндө аныкталды.
Учурда тергөө иштери улантылууда.