www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоочу Назгүл Турдубекова жакындарына шилтеме берүү менен Ошто үч жашар баланын өлүмү боюнча жаңы жагдайларды айтып берди. Бала кудукка түшүп кеткен имиш.

«Туугандары милицияга кабарлашкан эмес, тез жардам менен ооруканага алып барышкан, эмнегедир врачтар да каттоого албай, милицияга билдиришкен эмес. Баланы эки сааттан кийин жерге беришкен. Бирок эртең менен баланын таякеси Москвадагы атасына телефон чалып, баласын өлтүргөнүн, мас абалында болгонун жана аны менен эч нерсе кыла албастыгын айткан. 

Азыр туугандары баланы кыйнап эмне кереги бар дегенсип, анын сөөгүн эксгумацияга бербей жатышат. Эмне үчүн туугандары же дарыгерлер дароо милицияга кабарлашкан эмес?», - деди Назгүл Турдубекова.

Укук коргоочу адам өлтүрүү болгон деп болжолдоодо.

Эске салсак, 20-март күнү Ош шаарында (Жапалак аймагы) үч жашар наристе каза болгону белгилүү болуп, жакындары анын чыныгы себептерин жашырышууда. Туугандары өздөрү тез арада баланы көмүп салышкан, бирок бул факты боюнча милицияга билдиришкен эмес. Баланын атасы Москвада, апасы туугандарыныкында болгон.

Бул тууралуу маалыматты Ош ШИИБи тастыктап, кийинчерээк маалымат берилерин белгилешти.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости