www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында жайгашкан СИЗО-5те өзүн-өзү өлтүрүү аракетинин алдын алынганын Жаза аткаруу кызматынан 6-мартта билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-декабрда адам уурдоо менен айыпталган 38 жаштагы жаран Ош ОИИБдин убактылуу кармоочу жайынан которулган. 13-декабрда ал ачкачылык жарыялаган. Анын айтымында, кармоо учурунда укук коргоо кызматкерлери ага карата физикалык күч колдонушкан жана ага коюлган айыптардын баары негизсиз. ЖАК анын бир нече жолу тамактан баш тарканын билдирди.
2-мартта түнкү саат 23:00 чамасында адам камерада өз жанын кыюуга аракет кылган, бирок аны нөөмөтчү өз убагында байкап, керектүү медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүүгө жетишкен. Учурда абактагы адам ачкачылык акциясын улантууда.
Булак: NazarNews.kg