www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарындагы базарда сабалган дыйканга жаңы муниципалдык базардан соода жүргүзүү үчүн орун берилди.

Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, коомчулукта резонанс жараткан окуядан кийин Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жабырлануучуну кабыл алып, аны менен жолугушкан. Анда дыйканга жаңы базардан соода кылуу үчүн атайын орун бөлүнгөнү маалымдалды.

Эске салсак, алдын ала маалымат боюнча, дыйкан өзү өстүргөн кулпунайын базарга алып келип сатууга аракет кылган. Социалдык тармактарга тараган видеодо бир нече соодагер аны сабап, кулпунайларын чачып жибергени көрүнгөн.

Бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 4-июлда териштирүү иштерин баштаган. Милициянын маалыматына ылайык, окуяга тиешеси бар делген жети соодагер кармалып, жаңжалдын бардык жагдайлары жана келип чыгуу себептери иликтенип жатат.

Последние новости