www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оштун мэри балдар үйүндөгү өспүрүмдөргө белектерди берди

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов “Алтын уя” балдар үйүнөн кабар алып, балдарга жаңы жылдык белектерин тапшырды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, мэр балдар үйүндөгү шарт менен таанышып, китепканасына жардам көрсөтмөй болду. Балдар тарабынан концерттик программа да уюштурулган.

“Силерге керек деп эки компьютер жана түстүү принтер ала келдик. Билимдүү, китепке кызыккан балдар көп экен. Китепканага жардам кылабыз. Колдон келген ар кандай жардамдар көрсөтүлөт. Баарыңар бир туугансыңар. Мектепти бүткөн балдар-кыздарыбыздын жумуш менен камсыз болушуна жардам беребиз. Биз силерди жакшы көрөбүз”,- деди мэр.

Ошондой эле мэр балдарга майрамдык таттууларды тартуулап, пикир алышты.

“Алтын уя” үй-бүлөлүк балдар үйү 2006-жылы Ош шаарынын мэриясынын токтому менен уюшулган.

Балдар үйүндө ата-энесинин кароосунан ажыраган балдар тарбияланат. Бүгүнкү күндө 12 бала тарбияланууда. Быйыл аталган балдар үйүндө тарбияланган 2 жигит аскерде кызмат өтөөдө.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости