www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лос-Анжелес шаарында Америка киноакадемиясынын "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Уюштуруучулар 94-жолу өткөрүлүп жаткан иш-чараны Украинадагы согушта каза болгондорду эскерүү менен башташты. Экрандагы кара фонго Украинада азыр миллиондогон үй-бүлө тамак-аш менен дары-дармекке муктаж болуп жатканы жазылды.

"Кино – жаңжалдар маалында гуманизм көрсөтүүчү маанилүү мүмкүнчүлүк. Бирок чыныгы дүйнөдө Украинадагы миллиондогон үй-бүлө тамак-ашка, медициналык жардамга, таза сууга жана куткаруу кызматтарына муктаж болуп жатат. Ресурстар тартыш, биз глобалдык коомчулук катары аларга жардам берүү үчүн кыйла көп нерселерди жасай алабыз", - деп жазылган уюштуруучулардын кайрылуусунда.

Киноакадемия быйылкы мыкты тасмасы деп "CODA: Дүлөй ата-эненин баласын" атады. Фильмде дүлөй-дудуктардын үй-бүлөсүнүн тагдыры көрсөтүлгөн. Алардын жашоосу үй-бүлөнүн кулагы уккан жалгыз мүчөсү – 17 жаштагы Руби музыкалык мектепке тапшыруу чечимин кабыл алгандан кийин өзгөрөт.

Тасма жалпысынан үч номинация боюнча талапкер болуп, баарында тең жеңүүчү деп табылды. "Экинчи пландагы мыкты актёр" номинациясы боюнча сыйлык тубаса дүлөй актёр Трой Коцурга ыйгарылды. Ал "Оскардын" тарыхында сыйлык алган экинчи дүлөй актёр болду. Мындан тышкары, "CODA: Дүлөй ата-эненин баласы" тасмасы "Мыкты адаптацияланган сценарий" номинациясында да жеңүүчү болду.

"Эркектин эң мыкты ролу" номинациясында "Оскар" сыйлыгы "Падыша Ричард" тасмасындагы ролу үчүн Уилл Смитке ыйгарылды. "Мыкты актриса" номинациясында "Тэмми Фэйдин көзү" тасмасында роль аткарган Жессика Честейн жеңүүчү деп аталды.

"Иттин бийлиги" тасмасы үчүн "Мыкты режиссер" номинациясы боюнча Жейн Кэмпион женди. "Мыкты оригиналдуу сценарий" номинациясы боюнча "Оскар" "Белфаст" тасмасы үчүн Кеннет Бранага ыйгарылды.

"Мыкты толук метраждуу анимациялык тасма" номинациясында сыйлыкты "Энканто" алса, Альберто Мьельгонун "Айнек тазалагычы" "Мыкты кыска метраждуу тасма" деп табылды. "Мыкты ыр" номинациясында Киноакадемиянын сыйлыгы Жеймс Бонд тууралуу No Time To Die тасмасындагы ыры үчүн Билли Айлишке тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости