www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда өспүрүмдөрдү, кош бойлуу жана бала эмизип жаткан аялдарды коронавируска каршы эмдөө мөөнөтүнөн мурда башталды. Алгач бул өнөктүктү 22-ноябрда баштоо пландалган.

Алматы шаарындагы бейтапканаларга алгачкылардан болуп жогорку класстардын окуучулары келишти. Бирок күтүлгөндөй эле алардын саны көп болгон жок. Ата-энелердин көбү дале болсо балдарын эмдетүү керекпи-жокпу деп, бир чечимге келе албай турушат.

"Мен өзүмдүн саламаттыгыма кам көрүп, иммунитетимди жогорулатууну каалайм. Азыр коронавирустан көп адамдар өлүп жатат, ошондуктан эмдөөдөн өтүүнү чечтим. Курдаштарымдын арасында вакцина алууну каалагандар да, таптакыр каршы болуп жаткандар да бар. Бул алардын тандоосу", — деди Алишер Жанабатыров аттуу студент.

Эрезеге жете элек өспүрүмдөр эмдөө жайларына ата-энелери менен келип жатышат. Анткени алар тиешелүү документтерди толтуруп, медиктердин бир катар суроолоруна жооп бериши керек болот.

"Мен ата-энемен уруксат сурагам, алар макул болушту. Жогорку окуу жайга тапшырып, келечекте үй-бүлөм менен саякаттоо мүмкүндүгүнө ээ болуу үчүн эмдөөдөн өтүү мен үчүн өтө маанилүү. Pfizer вакцинасын сайдырдым, ал "Спутник V'ге" караганда кыйла жеңил болорун окугам", – деди Аруужан аттуу мектеп окуучусу.

Медиктердин айтымында, өспүрүмдөрдөн тышкары бала эмизип жаткан жана кош бойлуу аялдар да эмделе баштады.

"Алгач биз окуу жайлардын жетекчилигине кайрылып, алар бизге эмдөөдөн өтүүнү каалаган өспүрүмдөрдүн тизмелерин беришти. Андан соң алардын ата-энелеринин макулдугун алып, вакцина сая баштадык. Медиктерге да бала эмизип жаткандар менен кантип иштөө керектигин үйрөттүк", – деди Алматыдагы №5 клиникалык оорукананын кызматкери Динара Азимбекова.

Азырынча Pfizer вакцинасы менен Алматы шаарында гана эмдөө жүрүүдө. Бүгүн бул вакцина Нур-Султанга, андан соң өлкөнүн башка аймактарына да жеткирилет деп күтүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Казакстанда жалпысынан Pfizer вакцинасынын 380 миң дозасы бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости