www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Украинадагы чатактын тегерегинде козуткан, чагымга жетелеген жалындуу сөздөрдү айтуудан алыс болууга чакырат. Бул туурасында брифингде БУУнун Башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик Эмануэль Макрондун айткандарына комментарий сурагандарга жооп берип жатып билдиргенин РИА Новости жазды.

Буга чейин Франция лидери Макрон Европа биримдиги "тереңирээк сокку уруу үчүн тогузунчу коалицияны" түзүү боюнча макулдашуу болгонун жарыялаган. Анда орто жана алыскы аралыкка атылуучу ракеталарды Украинага берүү каралганын билдирген. Мындан сырткары, Россиянын "бул согушта утулушу үчүн" Франция бардык нерсени жасай турганын кошумчалаган.

Макрондун айтымында, Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Украинага аскер жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап, бирок азырынча бир пикирге келише элек.

БУУ президент Макрондун бул айткандарын абалды курчутат деп эсептебейби деген маанайдагы суроосуна Дюжаррик жаңжал башталгандан тарта ансыз да чагым кылчу жалындуу көп сөз айтылып, алар өлүм алып келген кагылышууда отко май чаччудай болгонун айткан.

"Биз салган чакырык башынан тарта эле ырааттуу болгон, тагыраагы, минтип кызыл тилди сайраткандан алыс болуу туурасында айтылган. Бул боюнча согуш оту жанганда эле сөз кылганбыз", — деген расмий өкүл.

Макрондун Украина боюнча Парижде өткөн конференциядан кийинки билдирүүсү Европанын өзүнүн саясий коомчулугун, Франциянын ичиндегилердин да терс реакциясын жаратты. Бир катарлары дүйнөнүн бардык күчтөрүнө Макрондун акылга сыйбас согуштук кадамына тоскоолдук жаратуу үчүн биригүүгө чакырык да салды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости