www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Отунбаеванын көкүрөгү тазабы?

Негизи Азимбек Бекназаровдун “тигилерден” артыкчылыгы алды, артын тегиз караганында дегенге негиз бар. Маселен, ал өзгөлөрдөй болуп толорсукту тиштеп тура бербей, кое бере турган мезгилде тим коер эрдиги бар. Өткөндө башкалар кылгысы келбеген иштен качпай, Атамбаевди жоктотпой эс алчу жайга бак отургузду. Башкасы буга даамак тургай ичинен Алмаздын жоктугуна кудуңдап турушту.

Ошол эле күнү президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушканда көзүн ала качпастан түз кебин айтыптыр. Көрсө Алмазбек Атамбаевдин оорулуу экендигине маани берип үй камагына чыгарууга үндөптүр. Эгерде капыстан жан таслим болуп кетсе доосу азыркы ажого каларын ачык билдириптир. Ошондо айрыкча Роза Отунбаева камактан чыкпашы керек деп титиреңдептир.

-Атамбаевдин жакшылыгын унутуп калдыңбы, резиденциядан кууп чыккан жок, пенсияңды кыркпады, жан сакчы ордунда калды, эч бир жамандык кылган жокко десе да болбойт имиш бүшүркөп. Аны колдогондор да болуптур, бирин-экин. Мындай кепке Сооронбай ак, же көк дебегени эмнени каңкуулайт?, - деп “Ачык сөз” гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости