www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте оюнчук курал менен ойногон жаш жигит административдик жоопкерчиликке тартылды.
Буга чейин социалдык тармактарда Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде «БМВ» унаасын токтотуп, жүк салгычынан «Калашников» автоматын алып чыккан жигиттин видеосу тараган. Кайгуул кызматы жигитти таап, ал милицияга жеткирилген. Текшерүү учурунда курал оюнчук экени белгилүү болгон.
Сотко чейинки текшерүүнүн алкагында 2004-жылы туулган А.К. аттуу жаранга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен протокол түзүлдү.