www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети запастагы майор Александр Павлович Грабовдун 2026-жылдын 5-августунда мезгилсиз дүйнөдөн кайтканын билдирди.
Александр Грабов 1949-жылы туулган. Ал 1985-жылы Москва шаарындагы Ф.Э. Дзержинский атындагы СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Жогорку мектебин «Укук таануу» адистиги боюнча аяктаган. 1985–1991-жылдары коопсуздук органдарында ар кандай кызматтарды аркалаган.
УКМКнын маалыматына ылайык, ал кызматтык милдеттерин аткарууда жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, бир катар мекемелик жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.
Кесиптештери Александр Грабовду жоопкерчиликтүү офицер, ишенимдүү кызматкер жана адамдарга жардам берүүгө даяр, боорукер инсан катары эскеришти. УКМК анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, кайгысын тең бөлүштү.