www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Австралиянын Пилбара шаарынын тургуну баңгизаттын таасири астында энесин сабап, зордуктаган. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазып чыкты.

Бир нече күн мурун сот аны 17 жылга эркинен ажыраткан.

Маалыматка ылайык, окуя 2019-жылдын ноябрында болгон. Ал киши метилфетаминди колдонгонун айтат. Үйдө апасы менен чыр чыккан. Алгач 56 жаштагы аялды бутуна темир түтүк менен уруп, андан кийин чачынан кармап, бөлмөсүнө сүйрөп барып, мыкаачылык менен зордуктаган. Андан кийин ал уктап калган. Аял телефонго араң күч менен жетип, болгон окуяны кызына айтып бере алган. Кол салган адам полиция тарабынан кармалган.

Сот отурумунда кылмышкер өзүн актоого аракет кылды: ал баңги зат аны мыкаачылыкка түрттү деп ишендирди. Бирок, судья ага энесин "метиламфетамин" зордуктаган эмес деп жооп берген. Натыйжада соттолгон адам кийинки 17 жылын түрмөдө өткөрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости