www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КСДПнын төрагасынын милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков жергиликтүү булакка берген маегинде партиянын убактылуу лидери болууну ойлогон эместигин айткан.

Анын айтымында, бир нече убакыт өткөндөн кийин, саясий кеңештин мүчөлөрү "муздаганда" дагы сүйлөшүү столуна отурушат.

"Саясий кеңештин мүчөлөрү бири-бирине нааразычылык билдирип, эмоцияга алдырып коюшту. Мен эч качан КСДПны башкарам деп пландаштырган эмесмин. Бул кечээ маектешүү учурунда чечилип калды. Бир аз убакыттан кийин биз бул маселеге кайтып келип, толук добуш беребиз деп ойлойм”, - деди депутат Артыков.

Ошондой эле, депутат мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулдарынын жигердүү саясий иш-аракеттеринин эч кандай жаман жери жок деп белгиледи.

"Бул кадимки нерсе. Алардын атасы саясаттан обочолонуп калгандыктан, алар Атамбаевдин жолун улантууну каалашат. Мен мындан жаман нерсе көрүп жаткан жокмун",- деди ал.

Мындан тышкары, Артыков алардын саясий кеңешинин мурунку мүчөсү Адил Турдукуловдун кимдир бирөөнүн “Социал-демократтарды” бөлүү буйругун аткарып жаткандыгын четке каккан эмес.

Эске салсак, 27-майда КСДПнын саясий кеңешинин отуруму болуп өткөн. Анда депутаттар Ирина Карамушкина менен Рыскелди Момбеков партиянын саясий кеңешинен чыгышкан. Андан сырткары, Адил Турдукулов дагы партиянын ичинде түшүнбөстүк жогорку чекке жеткенин айтып, саясий бирикмеден кетээрин маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости