www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Чек ара кызматынын “27-майда Кыргызстандын жараны Тажикстандын жаранына карата ок атты” деген билдирүүсү боюнча иш жүрүп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаев кабарлады.

Анын маалыматына караганда билдирүүдөн кийин аймактагы кыргыз-тажик чек арачылары жолугушуп, кырдаалды талкуулашты.

Буга чейин Тажикстандын Чек ара кызматы маалымат таратып, 27-май күнү саат 11лер чамасында Баткендин Ак-Сай айылынын тургуну Саат Бактыбеков тажикстандык жаран Мутабархонум Шаропованы көздөй мылтыктан ок атканын, натыйжада келин оң далысынан жаракат алып, ооруканага түшкөнүн кабарлаган. Тажик Чек ара кызматынын билдирүүсүндө: “Кыргызстандык жарандын бул аракети эки өлкөнүн чек арасындагы кырдаалдын туруктуулугун жасалма бузуу аракети катары бааланат. Бул аракет чектеш аймакта жашаган тажик элинин жооп иретиндеги реакциясына алып келиши да ыктымал”, деп жазылган.

Ал эми Тажикстандын Чек ара кызматынын билдирүүсүндө аты аталган Саатбек Бактыбаев бул маалыматты четке кагууда. Ал түшкө чейинки убакытта жакында чек арада ок тийген жээнинин үйүндө түлөөдө болгонун, мергенчилик эмес, дегеле эч кандай куралы жок экенин билдирген.

Эске сала кетсек, 24-майда Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух айылы чектешкен Сунган-Баба деген жайлоодо да чыр чыгып, атышуу болгон. Анда тажик басылмалары Тажикстандын чек арачысы жарадар болгонун жазып чыккан. Кыргыз тараптан жарадар болгондор жок.

8-майда чыккан чатакта Кыргызстандын үч жоокери жарадар болгон. Алардын бири оор абалда Бишкекте ооруканада жатат. Тажик тарап бул окуяда эки жараны жараат алганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости