www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй ОИИББнын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторунун каза болгондугуна байланыштуу сотко чейинки өндүрүш башталып, кызматтык иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн азырынча белгисиз себептерден улам Чүй ОИИББинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторунун каза болгондугун белгилейбиз. Аталган факты Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүш процессинин жүрүшүндө окуянын кандайча болгондугун жана себептерин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. ИИМдин ички иликтөөлөр кызматы окуянын чоо жайын ачык жана так иликтөө максатында кызматтык иликтөөлөрдү баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости