www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалыматка ылайык, Түркмөнстандын Лебап облусунда мектепти аяктоо иш-чараларына акча таба албай калган бир нече бүтүрүүчү өз жанын кыйды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Ушул жылдын 23-май күнү кечинде Фарап районунда бир бүтүрүүчү уй сарайга барып асынып алган. Ал бүтүрүү кечесине акча таппай жүргөн. Андан үч күн мурда ушул эле райондо дагы бир бүтүрүүчү кыз өз жанын кыйган. Ал акыркы коңгуроо салтанатына жаңы кийим сатып алууга жана бүтүрүү иш-чараларына акча таба алган эмес.

Ошондой эле, Дарганат районунда дагы бир бүтүрүүчү өз өмүрүнө кол салган. Анын өлүмүнө мугалимдер иш-чараларга деп сураган 400 манатты (расмий курс боюнча 114 доллар) таап бере албагандыгы себеп болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости