www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Июнда өтө турган ОПЕК+ жыйынында Орусия азыркы мунай өндүрүү көлөмүн сентябрга чейин калтырууну сунушташы мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Апрелдеги макулдашууга ылайык, майдан июлга чейин ОПЕК+ өлкөлөрү мунай өндүрүшүн суткасына дээрлик 9,7 миллион баррелге кыскартышы керек. Андан соң 2020-жылдын аягына чейин өндүрүш көлөмүн суткасына 8 миллион баррель, 2021-жылдын май айына чейин 6 миллион баррель деңгээлинде кармап туруу сунушталган.

Макулдашуу шарттарына ылайык, Москва мунай өндүрүшүн май-июнь айларында суткасына 8,5 миллион баррелге кыскартат. Басылманын маалыматына караганда, ушу тапта Орусиянын Энергетика министрлиги бул квотаны дагы эки ай күчүндө калтыруу маселесин талкуулап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости