www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Алтымыш жашка толгондо “Даңк” орденин алып, жыл боюу үлпөт үстүндө жүргөн орус киноартисти Гармаш түспөөл Шайлообек Дүйшеевдин жетимиш жылдык маараке жылында коронавирус карааны Ала –Тоону аралап кетип, ал ала турган “Кыргыз Эл Баатыры” наамдан жок, же Акаев берчү тамдан жок, Бакиев берчү “Кыргыз эл акынынан” жок, Отунбаева берчү ордендерден жок. Атамбаев болсо “Баатыр” кылам деп жүрүп, азыр кан басымы көтөрүлүп кеткен жерде жатат. Шайлообек Дүйшеевдин жыл боюу өтө турган мааракеси унутулуп, элдин бары коронавирус деп калган. Эл акыны Шайлообек мырза кандай сыйлык алганын да укпай калдык.

Учурунда Горбачев “Перестройка” деген заманды кийирген. Жыл өткөн сайын Горбачевдин “перестройкасы” эсте калдыбы, же Дүйшеевдин “Кайдыгерлигиби”, балким эмки муун экөөнү тең унуткандыр. Ошол заман СССРди жоюп кеткен. Кыргыздар кем калган жок. Коммунисттик заман учурунда партия десе ааламды карап, партиянын май-талканын жеп унчукпай жүргөн адамдар, унчукпай калышканда Шайлообек Дүйшеев сыяктуу кыргыздар чыгышкан. Ошондо ”Кайдыгерликти”элдик чыгарма катары баалап калдык. Бир гана ошол чыгарманын ээси Шайлообек Дүйшеев экени чындык. Ал эмес, убагында Кет буканы чыгарып, ал Кет буканыкы эмес Шайлообек Дүйшеевдики экеникин көп киши биле бербейт.

Кыргыз эли караңгы болгон деген сөз өзү калп. Кыргыз эли байыркы болгон, муну өзү тарых тастыктап турат. Бир гана ой кетет, эмнеге  ушунчалык тарыхка бай кыргыз эли, өзүнүн санын көбөйтө алган эмес? Байыркы гректер турат, байыркы Рим турат, дүйнөлүк тарых ушул жерден башталат деген ойду бала кезден таңуулай баштайт. Чындык калыбына келе баштады эми алар түптөлө баштаганда эле, Азия эбак козголуп аларга шаң берип турган экен. Ошол Азияны козгоп турган Кытай дешет. Кытайдын бай тарыхын алсак, кыргыз элинин биздин доорго чейинки миң жылкы тарыхын жыл эсебине жазып коюптур. Кыргыздар кыбырап-сыбырап ошол кезде эле Кытайга коркунуч туудуруп жүрө бериптирбиз. Кытай оңой эл эмес, баш ийип турган элдерди эч качан жазмак эмес. Демек, жыйынтыгында кыргыздар Кытайга тийип качып, жинине тийгени үчүн чүрчүттөр тарыхына жазып койсо керек. Эмне үчүн кыргыздар биз кытайлыктарга тийиштик эле деп жазбайт? Бир гана себеби, кыргыздар, калем саптан өйдө кылычты ойлосо керек. Кийин гана Улуу Кыргыз дөөлөтүн түзүп, ошол мезгилдеги дүйнөгө салыштырмалуу чачыранды болуп кеткен Рим империясына караганда үч- төрт эсе чоңдук империяны түзүп, акырында жок дегенде кийинки муун окуп калсын деп “ташка тамга баскандай” деген сөздү калтырып, Орхон-Энесай таш тамгасын калтырып кеткен.

Кыргыз эли да бардык дүйнөлүк элдер сыяктуу он тогузунчу, жыйырманчы кылымдарга арип талашып, дүйнөлүк аренадага аттанып түштү. Башкаларды билбейм, мурунку мен деген таланттардын алдында чалкасынан жатып берди.

Шайлообек Дүйшеевдин заманы узакка созулуп баратат. Узакка созулсун, дагы отуз жылга созулсун. Ошондо жүзгө толот. Кеп жүз жашта эмес, анткени, анын жүрөгү жыйырма –отуздарда эле, анын чыгармалары кыргыз мамлекети бир убакта бар экенин аныктап, Махмуд Кашгари, Жусуп Баласагундын чыгармалары сыяктуу  миңдеген жылдарга кала берсин.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости