www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги жарандык активист Самсаалы Четинбаевди кепке тартып, антикоррупциялык стратегия жана “Чоң казатчылар” тууралуу сүйлөштүк.

--Самсаалы мырза, Коопсуздук кеңешинин 4 жылдык планды камтыган антикоррупциялык стратегиясынан  ишке ашабы?

--Ишке ашат деп үмүттөнөм. Анткени, бул куру чакырык эмес. Иш аракеттер да болуп атат.

--Президент айткандай коррупционерлер ээлеген кызматына карабай жазаланаарына ишенесизби?

--Ишенем. Бул сөзүмө Атамбаевдин убагындагы бир топ үлкөн чиновниктердин ТЭЦти модернизациялоодо жасалган көз боёмоочулук иштери боюнча өз жазаларын алып атканы мисал боло алат. Мындай маселеде президент да коомчулук да бир позицияда туруп, ууру кескинин жазалануусун тынбай талап кылышыбыз керек. Айрыкча коомчулуктун талабы мындай маселеде өтө мааниге ээ.

--Коррупция менен күрөштү күчтөндүрөт деп үмүт арткан стратегия кагаз жүзүндө калып калбайбы?

--Даяр болбосо даярдаш керек. Мамлекетибизди оңдоп түзөөдө эч бир иш-аракет солгундабашы керек. Буга чейин көптөгөн ураандар, чакырыктар менен коштолгон аракеттер кагаз жүзүндө калып калган учурлар көп болгон. Ал каталарды кетирүүгө укугубуз жок. Тазаланчу, өнүгүп өсчү мезгилде жашап атабыз. Алдыга карай умтулуу токтобошу керек.

--“Чоң казатчылардын” айтканына көнүп, Куран кармаганына карабай актанганына да, доомат койгонуна да кылмыш иши козголду. Эми эмне болот?

--Куран кармап карганып койсо эле маселе чечилип калбайт. Мен ошол Куран кармаган да, карматкан да адамдарга таң калдым. Биз укуктук мамлекеттин жарандарыбыз, баардык нерсе мыйзамдын чегинде болушу шарт. Мыйзамдан бир да карыш алыстабашыбыз абзел. Ал эми Жапыкеевдин билдирүүсү боюнча финансылык полициянын иш алып барып атканы туура эле көүнүш. Мыйзам алдында баары бирдей болуш керек. Эгер Жапыкеевдин билдирүүлөрүндө мыйзам бузуу болсо ал да жооп бериш керек. Мен эч кимисине тартпайм, мен мыйзам тараптамын. Мыйзам сыйланышы да, сакталышы да керек!

--Коомчулукта “Чоң казатчыларды” колдогон да, алардын аракетинен кооптонгондор да бар. “Чоң казат” кыймылынын аракеттери боюнча кандай ойдосуз?

--Алардын баардык кайрылууларын көргөн жокмун. Бирок, башындагы бир, эки кайрылуусун фейсбуктан көргөм. Ал боюнча өз пикиримди жазгам. Мен көргөн кайрылууларда кооптуу жагдайлар бар болчу. «10 миң киши менен барып коёбуз» «көргөзүп коёбуз» деген чакырыктар жакшылыка алып барбайт. Ооба, коррупцияга каршы күрөшүү ар бирибиздин милдетибиз. Бирок, ал күрөш мыйзам талаасында жүрүшү керек. Чымчык сойсо дагы касапчы сойсун дегендей ал күрөштү да атайын орган жүргүзүшү зарыл. Мыйзам талаасынан чыгып кетсек, мамлекеттүүлүккө доо кетип калышы мүмкүн. Араң турганда башаламандыктын эч кимге кереги жок. Мамлекеттин тынчтыгы, бүтүндүгү көздүн карегиндей сактачу нерсе.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости