www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 1-июнунан тартып бардык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын кызматкерлеринин ишин камсыз кылуу керек. Мындай тапшырмага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Самат Кылжыев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Чечим өлкөдө өзгөчө абал режими токтотулгандыгына, ошондой эле экономикалык ишмердүүлүктүн уруксат берилген түрлөрүнүн жандануусуна байланыштуу, Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык абалды турукташтырууга багытталган кризиске каршы кабыл алынган чараларды натыйжалуу ишке ашыруу максатында кабыл алынды. Иштеген жерине чейин коомдук унаа менен жетүү мүмкүндүгү жок кызматкерлер аралыктан иштөөнү уланта беришсе болот.

Муну менен катар мамлекеттик органдардын жетекчилери жумушчулардын кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда күнүмдүк иште санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин бекем сакталышын камсыз кылуулары шарт. Ошондой эле кызматкерлердин саламаттыгын сактоо жана иш режимин белгилөө боюнча чараларды жүзөгө ашырууга багытталган иш-чараларды кабыл алуу зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости