www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 25-майында Сузак районундагы айылдардын биринде өзүн бензин чачып өрттөгөн 24 жаштагы жигит ооруканада алган жаракатынан улам көз жумганы белгилүү болгон.

Суицидге барган жигит ооруканага денесинен 98% күйүк алып түшкөнүн облустук ооруканада иштеген кызматкер билдирген:

«Бейтаптын денесинин баары кара болуп күйүп калган, ооруканада жатканда араң дем алып жаткан болчу. 26-майда денесине алган күйүктөн улам каза болду. Аны менен бирге түшкөн 40 жаштагы эркек кишинин денесинин 40% күйүп, учурда абалы орточо».

Алдын ала айтылган маалыматтарга ылайык, Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылынын 24 жаштагы тургуну сүйлөшкөн кызын ата-энеси бербей койгон соң ушундай кадамга барган. Анткени Сузак районундагы 15 жаштагы кыздын ата-энеси анын жаш экенин эске алып, турмуш курушуна макул болгон эмес. Өрттөнгөн жигитке кошулуп, күйүк алган киши маркум жигит үйлөнгүсү келген кыздын атасы экендиги айтылды.

Окуяны Сузак райондук милициясы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылуу» катары каттап, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости