www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-майда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош облусунун кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;

Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 26…31;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 26…31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 24…29;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз 7…12 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 29…31 градус болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости