www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Ташболот Балтабаев “Чоң казат” да тандалма күрөш болуп калбашы керек” деген пикирин айтып, Жумалиевдин куран кармаганы тууралуу оюн билдирди.

--Ташболот мырза, “Чоң казаттын” алган багыты туурабы?

--Негизи багытын колдойм. Бул эчактан бери көптөгөн мекенчил адамдар көтөрүп келе жаткан нерсе. Бирок прихватизациядан олигарх болгондорду, кредиттерди солоп кеткендерди , коррупциянын башка саздарына баткан "азаматтардын" аттарын калтырбай аташса жакшы болмок. “Чоң казат” да тандалма күрөш болуп калбашы керек.

--Кубанычбек Жумалиев “Чон казатчылардын” айтканы туура эмес деп куран кармады. Бирок, экөөнө тең кылмыш иши козголду. Эми адилеттүү чечим чыгат деп үмүт артсак болобу?

--Мындай учурда Куранды коррупция менен аралаштырбай эле мыйзамдын негизинде адилет чечим кабыл алуу керек. Бирок, тийиштүү иликтөөчү органдар адилеттүү чечим чыгарабы деген маселе бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости