www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өз киндигин өзү кескен “өкмөттүн балдары”

Мындай балдарга тагдыр кичинесинен өзүнүн энчисин бөлүп берген десек болот. Маңдайына жазган жазмыштан улам улан-кыздар кара жанын багуу үчүн жогорку билимден баш тартышат. Жатак-мектепти бүтүп чыккан балдардын көбүн “эртең кайда барам, эмне иш кылам, курсагымды кантип тойгузам” деген суроо түйшөлтөт. “Жетим балдардын укугун коргоо” фонду аларды бул санаадан арылтуунун аракетин көрүп, тигүү цехин иштетүүдө.

Долбоордун жетекчиси Диляра Усенова: “Балдар эртеңки турмушка даяр эмес"

- Диляра, бул долбоор кандай максатта ачылды?

- Игорь Беляев негиздеген “Жетим балдардын укугун коргоо” фонду бар. Ошол фонд эртең интернаттан чыккандан кийин улан-кыздар жумуш табууда, жашоодогу ордун аныктоодо кыйналбасын деген максатта долбоорду баштадык. Тигүүчүлүк тармакты тандап алганыбыздын себеби, бүгүнкү күндө бул тармакта суроо-талап көп жана жумуш табуу мүмкүнчүлүгү жогору. Бул долбоор менен көп жайга колдоо издеп кайрылдык. Көп адамдар жетим балдар дегенде колдон-буттан алууга даяр экенин билдиришти. Алардын көмөгү менен чоң жайды ижарага алдык, ондон ашуун жаңы тигүүчү машина, үтүк, бул жакка керектүү эмеректер менен жабдуулап беришти.

- Тигүүгө бардык эле балдар дилгир болбосо керек?

- Биз Чүй облусундагы бардык жетим балдар үйлөрүнө барып жетекчилери менен сүйлөштүк. Алар тигүү ийримдерине катышып жүргөн, ушул тармакка кызыккан улан-кыздардын тизмесин беришти. Арасынан чындап тиккиси келгендерден тандап отуруп ондон ашуун кыз болду. Жаш курагы 16 жаштан 18 жашка чейин. Аларды тажрыйбалуу тигүүчүлөр окутуп жатышат. Ошол эле учурда практика кылып тигип да жатышат. Буюрса, 3 айдын ичинде бул жакка келген ар бир кыз тиккенди толук өздөштүрө алат.

- Буйрутманы кайдан таап жатасыздар?

- Азыр тигүүгө оңой деп балдар үйүнө, мейманканаларга, жатак абактарга, бала бакчаларга барып шейшептердин топтомуна буйрутма алганга аракет кылып жатабыз. Кээде 400-600 даана шейшепке чейин буйрутма болуп калат. Кээде такыр эле жумуш жок отуруп калабыз. Эми убакыттын өтүшү менен тажрыйба топтоп, балдардын кийимин, андан кийин чоң кийимдерге өтөлү деп турабыз.

- Кыздар келип-кетип иштешеби?

- Биз азырынча борбордон аларга жатак таап берүүгө шартыбыз болбой турат. Канттан, Покровкадан келип иштешет. Буйрутма болгондо чакыра калабыз. Калган убагында билим алышат.

- Ар кандай балдар менен иштешүү оңойго турбаса керек?

- Ооба, көбүнчө мындай балдар социалдык чөйрөгө үйрөтүлгөн эмес. Мүнөздөрү ар кандай. Бирок буларды азыртадан катуу тартипте кармаганга аракет кылабыз. Себеби эртең он сегизге толуп сыртка чыкса, буларды чекесинен эч ким сылабайт. Ар кандай адамдар бар, бат эле сындырып коюшу мүмкүн. “Силер он сегиз жашка чейин өкмөттүн үйүндө жашап жатканда укугуңар корголот, андан кийин силерге эч ким кам көрбөйт. Азыртадан бир жумуш жасаганды үйрөнүп алгыла”,- деп кайра-кайра айтып кулагына куюп жатам. Чын да, сыртка чыкса же билими жок, же жашаган жери жок баарын нөлдөн баштоого туура келет. Ошон үчүн бул цехтин алкагында жок дегенде топчу кадаганды үйрөнүп алса, жайында цехтерде иштеп кетишет эле.

- Билим алып окуп кеткендер да болсо керек?

- Ооба, окуйм деген дилгир балдардын келечекте ким болгусу келерин сурайбыз. Каалоосуна жараша окуу жайларды кыдырып факультеттерди издейбиз. Өкмөт баланын статусуна жараша окуусунун толук же жарым акысын төлөп берет. Кээ бир окуу жайларга тапшырган балдардын окуусунун жарымын демөөрчүлөр, калганын өкмөт төлөп берип окутат.

- Жыл сайын канча бала интернаттан чыгат?

- Андай толук статистика жок. Мисалы, Таштан быйыл интернатты бүтүп окууга тапшырды. Эмдиги жылы окуусунан чыгып калды. Андан ары “Таштандын тагдыры эмне болду, кайда жүрөт?” деп эч ким деле кызыкпайт. Көбү кара жанын багып кетүү үчүн билимден баш тартышат. Ошон үчүн жетим балдардын көбү жашоодон ордун таба албай адашып калууда.

Айпери, 18 жашта: “Азыр мага туугандын деле кереги жок”

- Айпери, тигүүчүлүккө кызыгасыңбы?

- Ооба, интернатта окуп жүргөндө ийримдерге барчумун. Бирок ал жакта тигүүчү машина эски, баарыбызга жетчү эмес эле. Бул жакта жаңы машинага отуруп тигип үйрөнүп жатам. Жай мезгилинде, окуумдан сырткаркы убакытта тигип акча тапкым келет. Негизги окуум Ата-Түрк Ала-Тоо университетинде, буюрса, келечекте тилчи болсом дейм.

- Учурда кайда жашайсың?

- Покровкадагы жаштар үйүндө. Ал жакта мени менен кошо 8 кыз жашайт. Бизди Игорь Васильевич каржылайт. Демөөрчүлөр жума сайын азык-түлүк алып келип турушат.

- Интернатка канча жашыңда келдиң эле?

- Айылда апамдын туугандарынын колунда турчумун. Апам кайда экенин билбейм, атам каза болуптур. 3-классымда интернатка келип, ошол бойдон ушул жайда чоңойдум. Туугандар ошол бойдон келген жок. Алар жөнүндө эстегим да келбейт. Аларды таап катышайын деген да оюм жок. Эмнегедир көңүлүм калыптыр. Бак айтып койсо кандай болсо да жашооң оңуна түшөт экен. Менин окуума демөөрчүлөр табылып, борбордогу эң жакшы окуу жайда билим алып жатам. Мени туугандарым сүйбөсө да, Кудайдын сүйгөн пендеси экенмин.

Лилия, 16 жашта: “Апамды сагынып ыйлачумун, азыр ага сезимим жок”

- Лилия, бул жайга кандайча келдиң эле?

- Менин апам ичимдикти көп ичип, энелик укугунан ажыраган. Атамдын болсо дайыны жок. 6-класска чейин апамдын бир тууган сиңдиси каралашып жатты. Ал мага көп жардам берди. Бирок апамдын арагы тыйылбагандыктан, бул жайга алып келишкен. Ал жылдар мен үчүн өтө оор болду. Апам күндө түшүмө кирип, элеси көз алдымдан кетпей куса болуп ыйлачу элем. Өзү деле көрүп келген жок. Бара-бара сагынганым унутула баштады. Азыр кайда жүрөт билбейм деле. Эгер апамдын сиңдиси күйөөсү менен Орусияга кетпегенде, алар мени багып алышмак.

- Бул аралыкта сени багып алгысы келгендер болдубу?

- Атайын программа менен Американын бир штатына барганбыз. Ал жактан бизге окшогон балдар үйлөрүнө жиберилип, жактыргандарды америкалык үй-бүлө алып калат экен. Бир эмес, үч үйгө бардым. Биринин аурасы жаккан жок, экинчисине мен жаккан жок окшойм. Анын үстүнө Орусиядагы эжем 18 жашка чыкканда алып кетем деп бир айткан эле. Ошол сөзү көңүлүмдө уюп турат. Балким, эки жылдан кийин келсе кошулуп кетип калат болчумун.

- Келечекте ким болгуң келет?

- Мен стюардесса болууну каалачумун. Бирок интернатка келгенде 6-класстан 8-класска секирип кеткем. Ортодогу билим жок, алгебрадан алсыз элем. Экзаменге чакырышканда ошондон коркуп барбай койдум. Балким, өтүп кетмек белем деп азыр деле өкүнө берем. Кыялымды колдон чыгардым да. Азыр борбордогу банктардын бири менин окуумду каржылап лицейде окуп жатам. 3 жыл билим алгандан кийин келишим боюнча ал банкта иштейм. Азыр болсо топчу такканды үйрөнүп жатам. Жайында, буюрса, иштеп турсам дейм.

- Иштеп бутуңа турсаң апаңды издеп табасыңбы?

- Жок, таппайм. Эми мага анын кереги жок.

Өмүрбек, 18 жашта: “Апама күч келтирбейин дейм”

- Бул тигүү цехинен кийим үтүктөп иштеп жатам. Атам мындан тогуз жыл мурда каза болгон. Менден башка алты бир тууганым бар болгондуктан, апама күч келбесин деп мени жатак мектебине которушкан. Орусиядагы аскер окуу жайына тапшыргам. Бирок ошол учурда белимди кокустатып алдым. Эми ал академияга келишим боюнча эки жылдын ичинде барсам болот. Азыр үтүк менен иштегенди үйрөнүп жатам. Буюрса, тигүү цехтеринде убактылуу иштеп турам деп ойлоп жатам.

Социалдык тигүү цехи кайрымдуу адамдардын колдоосуна муктаж. Аларга буйрутма берип же колуңуздан келген тыйын менен жардам кылып сооп иш кылсаңыз болот. Каалоочулар үчүн 0559 800 579 номуру кызматта.

Анара Дүйшөналиева

Булак: "Леди.kg"

Последние новости