www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ухань шаарынан келген 18 студент ооруканадан чыкты

Кытайдын  Ухань   шаарынан келген 18 студент ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-февралда 14 күндүк карантинден кийин 18 студент ооруканадан чыгарылды. Алардын абалдары канааттандырарлык.

Эске  салсак, Ухань шаарында окуган Кыргызстандык 18 студент,  2-февраль күнү Бишкекке алынып келинген. Келген жарандардын баары аэропортто тиешелүү текшерүүдөн өтүп, Бишкек шаарынын четиндеги атайын жугуштуу оорулар үчүн бөлүнгөн бөлүмгө жайгаштырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости