www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 27-сентябрда Самарканд шаарында Өзбекстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору жолугушту.
Белгилей кетсек, буга чейин Өзбекстан менен Тажикстандын президенттери геодезист, картографтар жана Тышкы иштер министрлиги менен Чек ара кызматынын өкүлдөрү кирген жумушчу топторго ушул жылдын соңуна чейин эки өлкөнүн чек арасына мамыларды орнотуу иштеринин тартибин бекитүүнү тапшырышкан.
20-сентябрдан 27-сентябрга чейин Самаркандда сүйлөшүүлөр жүрүп, өзбек-тажик чек арасын демаркациялоо иштери талкууланган.
Ошондой эле, «Азия-Плюс» басылмасынын Тажикстандын өкмөтүндөгү булагы кийинки жолугушууну Тажикстанда өткөрүү макулдашылганын билдирди.
Буга чейин тараптар өзбек-тажик чек арасын демаркациялоо иштерин 2020-жылдын соңуна чейин бүтүрүүнү пландашкан. Бирок пандемия ага жол берген эмес.
Өзбек-тажик чек арасын делимитациялоо иши 2019-жылы аяктаган. Тараптар жазуу түрүндө чек ара сызыгы кайсы жерлер аркылуу өтө турганын макулдашышкан. Эми демаркациялоо иштеринин жыйынтыгында эки өлкөнүн чек арасы картада так көрсөтүлөт.
Эске салсак, Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек араны тактоо боюнча келишимге 2018-жылы 9-10-мартта өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Тажикстанга мамлекеттик сапары менен барганда кол коюлган.
Тажикстандын парламенти ал келишимди 2018-жылы 19-апрелде ратификациялаган.
Тажикстандын маалыматы боюнча, өзбек-тажик чек арасынын узундугу 1332 километрди түзөт.
Булак: NazarNews.kg