www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Коргоо министрлиги Wall Street Journal гезитинин АКШ Афганистандан чыгарылган аскер күчтөрүн Борбор Азия өлкөлөрүнө жайгаштырышы мүмкүн деген билдирүүгө комментарий берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Wall Street Journal гезити буга чейин Афганистандан чыгарылган АКШ аскерлери Борбор Азия өлкөлөрүнө жайгаштырылышы мүмкүн экенин жазган.

Ак үй бул үчүн Өзбекстан же Тажикстан ылайыктуу жай деп эсептей турганы да айтылды.

Өзбекстандын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы республиканын аскердик доктринасында мындай аракеттерге тыюу салынганын белгилеп, АКШнын аскер күчтөрүнүн келиши тууралуу билдирүүнү четке какты.

«Коргоо чөйрөсүндөгү негизги документтерде чет өлкөлүк аскер базаларын жана объектилерин өз аймагына жайгаштырууга жол бербөө тууралуу так, даана жооптор бар», - деген министрликтин өкүлү.

Анын айтымында, бул принцип өлкө Конституциясына да, тышкы саясат боюнча концепцияга да киргизилген.

Министрлик ошондой эле Өзбекстандын коргонуу саясаты тынчтык орнотуу операцияларына жана чет өлкөлөрдөгү аскердик чыр-чатактарга катышпоо принцибине негизделгенин белгиледи.

Эскерте кетсек, 2001-жылдан 2005-жылга чейин АКШ бийлиги Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы Ханабад аскер аэродромун пайдаланган. Бирок кийинчерээк Ташкенттин өтүнүчү менен аскер күчтөрүн Бишкектеги «Манас» авиабазасына көчүргөн.

Февраль айынын аягында Катар өлкөсүндө АКШ менен Талибан өкүлдөрү акыркы 18 жылдан ашкан чыр-чатактан кийин биринчи жолу тынчтык келишимине кол коюшкан. Анда 14 ай ичинде Афганистандан чет өлкөлүк аскерлер чыгарылып, туткундар кайтарылып, афгандар аралык диалог баштоо каралган.

Америкалык аскерлер Афганистандан 1-майдан тарта чыгарылып баштаган. Өнөктүк 11-сентябрда аякташы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости