www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үстүбүздөгү жылдын 25-октябрындагы Жогорку Кенештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “КР министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтү ортосундагы Кыргызстанда жалпы билим берүүчү мектептердин курулушу жөнүндөгү” макулдашуунун долбоору каралып, жактырылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.
Тагыраагы, бул макулдашууга ылайык, Өзбекстан Баткен районунун Самаркандек айылына жана Лейлек районунун Маргун айылына 330 орундуу мектептерди куруп, керектүү жабдыктар менен камсыздайт. Муну менен катар окуу имараттарын Кыргызстандын менчигине өткөрүп берет. Бул үчүн Маргун айылынан 0,30 га, Самаркандек айылынан 1,75 га жер тилкеси бөлүнөөрү белгиленди.
Булак: NazarNews.kg