www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан жеңил зооттолгон «Qalqon» («Калкан») унаасын чыгарып баштады. Аны жергиликтүү ишканалардын бири «нөлдөн» баштап иштеп чыккан. Бул тууралуу Өзбекстандын Коргонуу өнөр жайы боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Унаа күч структуралары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тарабынан уюштурулган бардык практикалык сыноодон ийгиликтүү өттү.

«Эксперттер унаанын тактикалык-техникалык мүнөздөмөсү куралдуу күчтөрдүн талаптарына жана эл аралык стандартка дал келерин тастыкташты», - деп айтылат маалыматта.

Унаалар Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүнө пайдаланууга берилет.

«Калкан» унаасынын ичине 8 адам батат. Аны аскер жана жүк жеткирүүдө, жарадар адамдарды ташууда, чалгындоо иштеринде, калк жайгашкан аймактын коопсуздугун камсыздоодо пайдаланса болот.

Ушул жылы январь айында зооттолгон унаалар, анын ичинде «Калкан» унаасы Ташкент облусунун Нурафшан шаарында өндүрүлөрү айтылган. Долбоор 55 млн долларга бааланып жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости