www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтындын баасы түшүп кетти

Дүйшөмбү күнү алтындын баасы акыркы төрт жыл ичиндеги бир айлык орточо наркынан бир топ төмөндөп кетти. Бул тууралуу дүйнөлүк алтын рыногундагы көрсөткүчтөргө шилтеме берип жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Эске салсак, Нью-Йорктогу Comex биржасындагы бааларга караганда, ушул жылдын октябрь айында алтындын бир унцийи эки миң.доллардан жогору сатылмак. 

Comex биржасында алтындын бир унцийи 0,89 пайызга же 15,8 долларга арзандады. Демек анын наркы 1 772,3 доллар болуп калды. Ал эми күмүштүн унцийи 2,69 пайызга же 22,032 долларга арзандады.

Акыркы күндөрү коронавируска каршы вакцинанын ийгиликтүү чыгарылып жатканы инвесторлорго үмүт жандырып, дүйнөлүк экономика жакын арада калыбына келет деп ишенген инвесторлор мурда алып койгон баалуу металлдарын сата баштады. Ушул тапта алтын 5,5 пайызга арзандады.

Последние новости