www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путиндин жан сакчысы жумуш ордунда жанын кыйды

Москвада, Кремлдин аймагында Федералдык Коопсуздук кызматынын кызматкери Михаил Захаровдун жансыз денеси табылды - анын бөлүмү Россиянын Президентинин жеке коопсуздугуна жооп берет. Бул тууралуу Baza Telegram каналы билдирди.  

Россиянын президенти Путиндин жеке коопсуздугу үчүн жооп берген жан сакчы Михаил Захаровдун жансыз денеси Кремльдагы жумуш ордунан табылды. Бул тууралуу Baza Telegram каналы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Захаров кызмат өтөп жаткан учурунда өзүн-өзү атып салган. Маркумдун кесиптештери өз өмүрүн кыюуга Федералдык Коопсуздук Кызматынын жетекчилигинин анын ишинин шарттарына болгон кайдыгер мамилеси, ошондой эле көптөгөн кошумча жумуш убактысы себеп болушу мүмкүн дешет - акыркы нөөмөттөрдүн биринде ал жумушта 15 сааттан ашык иштөөгө аргасыз болгон.

Маркумдун жубайына Захаровдун өлүмүнүн себептери жөнүндө маалымат берилген эмес, ошондой эле ал өзүнө-өзү кол салган деп айткан эмес. Михаилдин жетекчилиги жубайы менен байланышып, окуянын чоо-жайын түшүндүрбөстөн, анын өлүмү жөнүндө гана айтып коюшкан. Туугандарынын айтымында, акыркы убактарда Захаров аялы менен жашаган эмес жана декабрь айында эки тараптын макулдугу менен ажырашышы керек болчу.

"Алдын ала маалыматтарга ылайык, ФКК кызматкеринин өлүмүнүн себеби анын жеке жашоосунда болгон көйгөйлөрү",- деп гана тим болгон Кремль.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости