www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сардоба суу сактагычындагы кырсыктан жапа чеккен Өзбекстандын үч районунда көп кабаттуу 50 имарат курулат.
Жаңы батирлерде суу ташкынынын кесепетинен үйлөрүнө олуттуу зыян келтирилген тургундар отурукташтырылат. Тиешелүү буйрукка аталган өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.
Өзбек басылмалары билдиргендей, Сардоба, Акалтын жана Мирзаабад райондорунда 2020-2021-жылдары көп кабаттуу 50 үйдүн курулушу пландалууда.
Райондук администрация суу ташкынынан үйлөрү кыйроого учураган тургундардын тизмесин түзүп, аларга мамлекеттик бюджеттин жана башка каржылоонун булактары эсебинен курула турган жаңы көп кабаттуу үйлөрдөн бекер батирлер бөлүп берилет.
Шавкат Мирзиёев кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн премьер-министр Абдулла Арипов жетектеген өкмөттүк комиссияны түзгөн.
Өзбекстандын Суу чарба жана курулуш министрлиги Сардоба суу сактагычын калыбына келтирүү, дамба аркылуу суунун агып кетүүсүнүн алдын алуу жана суу сактагычтын бузулган бөлүгүн калыбына келтирүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгаары айтылды.
Өзбекстандын Сырдарыя облусундагы Сардоба суу сактагычындагы дамбанын бузулушунан улам суу ташкынынан жабыркаган Казакстандын Түркстан облусунун жашоочулары мамлекеттен 100 миң теңге (болжол менен $ 240) алышат, деп билдирет республиканын өкмөтүнүн сайты.
Эске салсак, 1-май күнү Сырдырыя облусунун Сарбода суу сактагычынын дамбасынын бир бөлүгү кулап, айылдарды суу каптаган. Натыйжада 70 миңден ашуун киши жана Казакстандын Түркстан облусунун тургундары да жабыркап, өзбек тарап жоопкерчиликти моюнга алууга убада берген.
Өлкөнүн чиновниктери кырсыктын келип чыгышына катуу шамалдан улам толкун пайда болуп, натыйжада дамбанын бир бөлүгү кулаган дешсе, жергиликтүү айрым адистер суу сактагычты куруу учурунда коррупция иштерине жол берилип, курулуш материалдары аз жана сапатсыз колдонулгандыктан кырсыкка себеп болгон деген пикирлерин айтышууда.
Кырсыктын кесепетинен 5 киши көз жумганы кабарланды.
Булак: NazarNews.kg