www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Легендарлуу парламенттин депутаты, академик Жамин Акималиев менен  баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык.

--Жамин агай, Кыргызстандагы саясий кырдаал тынчсыздана турган абалдабы же кыжаалат болуп кооптоно турган маселе жокпу?

--Кыргызстандагы саясий абал абдан тынчсыздандырат деп айта албайм. Бирок, ойлонууга аргасыз кылган жагдайлар бар. Айтайын дегеним, акыркы 30 жыл аралыгында орун алган тарыхый иштерден сабак албай койдук. Маселен, Аксы окуясынан, 2005-2010-жылкы революциядан жарытылуу сабак алган жокпуз. Сабак албаганыбыз үчүн Убактылуу Өкмөттүн да азап-тозогун көрдүк. Азыр деле Ккргызстанда стабилдүүлүктөн артык эч нерсе жок экенинин түшүнө элекпиз. Элибиз революцияга тоюп бүткөнүн түшүнүп,  еволюцияга алдыга жылганга, өсүп, өнүккөнгө аракет кылсак  болот эле. Бирок, коомчулукта  мамлекетти алдыга жылсын дегендер эмес,  абал курчуп кетсе экен, нааразычылык күч алса экен деген күчтөр көп. Алар градусниктей болуп эле коомдун температурасын байкап турушат. Тагыраагы, кичине эле нааразычылык жаралса, ошону өркүндөтүп, ызы-чуудан пайдаланып кетүүнү максаты кылышат. Чайпалып турган  абалдан пайдаланып, ар кайсы күчтөр өз максаттарын ишке ашырууга жол бербешибиз керек. Негизи мындай учурда мамлекетти сактап калуу бийликке эле көз каранды болбой коомчулукка да көз каранды болуп калат. Кээ бир саясатчылар бир-эки жыл өткөндөн кийин эле тынччылыкка канааттанбай ызы-чууну көксөп, далысы кытышып, ызы-чууну жашоо образына айлантып алышат. Саясаттын курчушун  каалашып, кокус ызы-чуу чыгып кеткен болсо, аны өркүндөтүүгө аракет кылышат. Кыргызстанга тынчтык калабаган күчтөргө жана кырдаалды курчутуп жиберүүнү көздөгөн саясатчыларга көз салып турушубуз керек. Анткени, алардын кесепетинен мамлекет жабыр тартып калышы ыктымал.

Азыр, Президент, Жогорку Кеңеш өкмөт  кадимкидей эле иштеп жатат. Бирок, ошого карабай жаз келди деп элди тукургандар бар. Маселен, Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгып, анын бошотулушун талап кылышты. Чынында Садыр Жапаровдун иши боюнча тийиштүү органдар алдын ала маалымат беришкен. Мамлекет башчынын деле ал жөнүндө оюу жаман эмес болчу. Мунапыс маселесин карап жатышса, комитет түзө коюп, Каныбек Осмоналиев  баш болуп митинг кылып,  элди аянтка алып чыгышты. Мыйзамдын алкагында чечкенче  күчкө салып чечтирип алабыз деп артык кылабыз деп тыртык кылып  алышты. Садыр Жапаровду колдоп митингге чыккандардын  жакшы ойлору болгондур. Бирок, аны чагымчыл күчтөр  пайдаланып кетти. Негизи митинг уюштуруп жаткандар  чагымчыл күчтөр кошулуп кетип, эл баш бербей кетсе, ар жагы не болот деп отряддарды түзүп, чагымчылдарды  жолотпой  коюшса болмок.  Эми тийиштүү  органдар кылдаттык менен иликтеши керек. Ошол эле мезгилде күч колдонуп, митингди таркатты деп  милицияларды да жаман көрбөшүбүз керек. Алар митингде өз милдеттерин аткарды. Эгер милиция 100дөй митингдин катышуучуларын кармап, токтотпогондо морадёрство башталмак...

--Аялдардын зомбулукка каршы чыккан акциясына  да неге күч колдонулду? Бийлик митингди күч менен тартууну адат кылып алганбы?

--8-март эл аралык деңгээлдеги аялдардын майрамы. 8-мартты ызы-чуусу жок  салтанаттуу эле тосуп койсок болот эле. Жакшы майрамды да саясатка, жыныстык иштерге  аралаштырышты. Туура, аялдарга аяр мамиле кылыш керек. Милиция катачылыкка жол берди деп айыптап жатышат. Бирок, кыргыздын аялдары качан ушинтип кыйкырып, көчөгө  чыкчу эле. Укуктарын колдосун, бирок акылга сыйбаган жоруктар менталитетибизге туура келбеген жагдайлар орун алды го. Кыргыздар аялзатын улуттун уюткусу  деп билишет. Ошон үчүн жазылбаган бирок,  кыргыздарга гана тиешелүү салттары менен жашайт. Кыргыздын кеменгер, тарыхта аты калган айымдары да тынчтыктын жарчысы болушкан. Азыр болсо, теңирден тескери иштер орун алып, бири укугун коргоп чыкса, экинчиси аны күч менен тартты. Чынында майрам күнү  аянтка чыккандарды эркектер гүл берип жакшы маанай менен узатып коюшса болмок. Бирок. Кырдаалды атайын курчутуп, ал акцияны өз пайдасына пайдаланайын деген күчтөрдүн аракети менен ушундай жагдай орун алды.

--Айтканыңызга ынаналы, Кыргызстанга тынчтык каалабаган күчтөр менен саясатчылардын атын атай аласызбы?

--Кыргызстанга тынчтык каалабаган саясатчылар жана күчтөр өтө эле көп. Алар коомду кыймылдатып, бир нерсе чыгарууга аракет кылып жатышат. Дүрбөлөңгө салып, бийликти жаман көрсөтүүнү көздөгөн күчтөрдүн аркасында  бизди тозокко салган Атамбаевдин күчтөрү да бар. Ошондой эле шайлоодо таасир эткиси келген мурунку президенттерди колдогон күчтөр да бар. Мына ошолордун баары кырдаалды өздөрү калагандай нукка буруп, өз кызыкчылыктарына жараша пайдалангылары келет.

--Атамбаев жан жөөкөрлөрү менен кошо камакта отурат го. Камакта отуруп,  кайдан коомду толкутууга аракет кылышмак эле?

--Мен алардын баарын түрмөгө салып салды дегенден алысмын. Эркиндикте жүрүп алып, тымызын алардын максатын ишке ашырууга аракет кылгандары деле бар да. Ошолрду да камасын дебейм. Бирок, тартипке чакырып, мамлекеттин саясатына каршы, мыйзамга каршы иш кылдырбашыбыз керек. Демократияны туу туткан Европаны, Американы кеп кылабыз,  мисалга алабыз. Алар да деле тартип, мыйзам бар. Алар деле эркиндик болсун, бирок мыйзамдын чегинде болсун дешет. Бизде да эркиндик болсун, бирок мыйзамдын чегинде болсун да. Анын мунун сөзүнө кирип, ызы-чууга алдыра берсек, мамлекетти жоготуп алышыбыз мүмкүн. Ошон үчүн бийлик дагы элди тартипке, мыйзамды сыйлаганга  көндүрүп, алдыга жылбаса болбойт. Анткени, коом да ойгонуп акыл калчап иш кыла турган убакка жетти. Кандай маселе болбосун, интеллигенция, аксакалдар биригип,  калыс сөзүбүздү айта турган мезгилге келдик. Ошондой эле  бийлик менен оппозициянын ортосунда кырдаалды жөнгө салуу максатында аксакалдар, интеллигенциянын өкүлдөрү көпүрө боло турган мезгил келди. Антпесек, саясий чагымчыл иштер башталды. Мамлекетти сактап калууга баарыбыз кол-кабыш кылышыбыз керек. Либералдардын мамлекетти башкарып кетишине мүмкүнчүлүк бербешибиз керек. Анткени, либералдар советтер союзун таркатышкан. Алар кош пейилдүүлүгүнөн, кенебестигинен  саясий абалга баа бербей коюшат.

--Шайлоо жакындап калды. Шайлоо чеги канча пайыз болсо, Кыргызстан үчүн туура болот?

--Кыргызстанда чыны менен  партиялар  көп. 6 миллион кишиге 250 партиянын эмне кереги бар. Барын иреттеш керек. Мен шайлоо чегин 9 пайыз  дегенди колдогом. Ар бир облустан 9 пайыз алуу оор болгону менен ал партияларды бириктирмек. Авторитеттүү жана идеясы жакын партиялар майдаланбай, шайлоого чогуу аттанмак. Демократия өнүккөн деген Америкада деле эки эле партия башкарат. Республикачылдар жана демократтар. Ошондой эле Англияны да эки эле партия башкарат. Эки партия башкарган мамлекеттерде Биринчи өлкөнүн экономикасы көтөрүлөт. Бизде болсо, 6 партияны өткөрүп, кызматтарды устукандай кылып бөлүп алышат. Анан кантип мамлекет өнүкмөк эле.

Жогорку Кеңеш 9 пайызды кабыл алган мыйзамды колдоп алышып, эми президенттин да тынчын алышып, 7 пайыз кылууга аракет кылып жатышат. Бул нерсе түшүнгөн кишиге өлкө саясий кризиске  учурады деген эле кеп да.

--Азыркы депутаттардын көбү кийинки парламентке келүүгө аракет кыла башташты. Азыркы Жогорку Кеңеш келаткан шайлоодо колдоого алынарлык  иштерди жасадыбы?

--Менин оюмча  Жогорку Кеңешти мөөнөтүнүн аягына чейин иште деп отурбай эле таратып жиберсе деле болмок. Алар колунан келген  иштердин баарын жасап, өз миссияларын былтыр эле бүткөрүп коюшкан. Өз эрктери менен эле тарап кетсе туура болмок. Анткени, булардан эл жийиркенип калды. Өздөрү берген убадаларына турбай калп айтып, депутаттык ыйгарым укуктарын мамлекетти оңдош үчүн эмес, байыш үчүн пайдаланышты. Ал тургай элге каршы келген мыйзамдарды кабыл алышты. Эми ар кайсы партияга кирип депутат болуп келүүгө жан талашып жатышат. Өкүнүчтүүсү, ушулардын көпчүлүгү кайра депутат болуп келсе, эмне деген өлкө болобуз дегенди ойлонушкан жок. Биринчиден, алар өздөрү түшүнбөй коюшту. Күздө боло турчу шайлоодо туура тандоо кылышыбыз керек. Анткени, ушул шайлоодон өлкөнүн келечеги аныкталат. Бул шайлоодо көп нерсе мамлекет башчыга да көз каранды болот. Президент өз укугун пайдаланып, аткаруу бийлигин жана сот бийлигин ырааттуу башкарышы керек. Анткени, биз парламенттик системага өттүк дегенибиз менен бизде мамлекет башчыбыздын ролу аябагандай чоң. Ушул жагын эске алганда президенттин мойнуна чоң жүк тагылды. Президент, өкмөт биригип, шайлоону таза өткөрүүгө шарт түзүп, элдин тандоосуна мүмкүнчүлүк бериши керек. Эл да акчага, аракка, унга сатылбай шайлоого жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек. 

--Кыргызстанда партиялык система менен эмес, бир мандаттуу эле шайлоо ыңгайлуу дегендер да бар. Партиялык система менен шайлоо мамлекетти артка тартып жатабы?

--Мен да бир канча жолу мурдагыдай эле бир мандаттуу шайлоо кылып,  тандоону элдин өзүнө коюп коёлу деген сунушту айткам. Партиялык системанын пайдасынан зыянын көбүрөөк тартып жатабыз го. Партиялык система менен шайлоо болгондо мурдагыдай район, шаарлардан депутаттар келбей калат экен. Маселелер көз жаздымда калат экен. Ошон үчүн жок дегенде жарымын партиялык система менен жарымын бир мандаттуу кылсак болмок. Бир мандаттуу болгондо мыктынын мыктылары иргелип, тандалып, жер-жерлерден келет. Ар бири өз  округундагы маселени чечүүнүн аракетин көрүшөт.

--Президент шайлоодо элге таянышы керекпи же шайлоого аттанган партияларга таянышы керекпи?

--Кандай болгон күндө да президент элге таянышы керек. Элди  бириктириши керек. Президенттин элди бириктирүүгө  укугу да, күчү да жетиштүү. Президент шайлоонун алдында абдан активдүү иштеши керек. Саясий партияларга эмес, эл менен иштеши зарыл. Азыртан элге шайлоодо алданбагыла деген үгүт насыятты башташы керек.

Союз мезгилинде агитатор деген ар бир үйдү кыдырчу. Ар бир депутаттын таржымалын айтчу. Азыр кайсы партия кандай максат менен шайлоого аттанары элге эмес, мага да түшүнүксүз. КСДПчылар КСДП менен барабы же башка партияга өтөөрү белгисиз. Ошондой эле “Республика -Ата Журт” чогу барабы же бөлүнөбү?  “Ата Мекен”не болду, жалгыз барабы же биригеби? Партияларга кимдер киргенин билишибиз керек. Убакыт келди. Эмне үчүн эмдигиче бийликтин партиясы жок. Бийлик партия түзүптүр дегени менен  анын программасы белгисиз болуп жатат. Кыскасы, шайлоого кайсыл партиялар катышаарын ачыктап, программаларын элге алып чыгышы керек. Антпесе партиялар элге эмне кылып беришери бүдөмүк болуп жатат. Азыр эл партияларга эмес, иштеп бере турган депутаттарга суусап турат.

--Президент эки жыл аралыгында мамлекеттин багытын жакшы жакка бурган, мактоого татыган иш жасадыбы?

--Президенттин башына көп иш түштү. Мамлекетти өнүктүрсөм деп жанталашып иштеп жатат. Эки жыл аралыгында чачы бурул болуп кетти. Ички саясатты ордуна коюуга жан үрөп жатат. Тагыраагы, ички саясаттын чордону айыл кыштак. Шайлоочулардын 65 пайызы айылда турат. Шайлоочулар айылда көбүрөөк болгону менен  аймактардын турмушу шаарга караганда төмөн. Аймактарды өнүктүрүү максатын көздөп, аймактарды өнүктүрүү, таза суу менен камсыздоо программасын алып чыкканы мактоого татырлык тарыхый иш болду. Бул идея мурун эле айтылганы менен көп учурда чар жайыт болуп калчу.  Президент аймактарды көтөрүү деп жарыялап анын аркасы менен республиканы көтөрүүгө  аракет кылып жатат. Себеби, айыл кыштакты көтөрмөйүн Кыргызстан шаардын эсебинен көтөрүлбөйт. Президент бул  аракети  менен миграцияны да токтотуу аракетин көрүп жатат.

Ошондой эле ирегация программасы аркылуу кайракы жерлерди сугат жерге айландырууга аракет кылып, азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу аракетин көрүп, элди таза суу менен камсыздап жатат. Президент өзү киришип жаткан үчүн бул тармактар чоң чыгымды талап кылганына карабай иш жүзүнө ашып жатканы кубантат.

Чынайым Кутманалиева, NazarNews.kg

Последние новости