www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Султан Ибраимов өкмөт башына келер менен алгач Токмоктогу эт комбинатындагы мафиянын куйругун баскан. Бостонов чуусу Кыргызстандын тарыхында алтын тамга менен басылып кала турган окуя. Ушул чуунун аркасында нечендеген адамдар өмүрү менен кош айтышып, дарга асылган.  Чүй өрөөнү тың чыкмаларга толуп, илгертен эле кыргыз ордосу болгон. Суяб, Баласагын, Невакет байыркы Чүй шаарлары, ушул кезге чейин даңазаланып ЮНЕСКОлор тарыхий мурасына кирген.  Ал эми Чүйдөн чыккан Султан Ибраимов, Арстанбек Дүйшеев,  Аскар Акаев, Апас Жумагулов, Жумабек Ибраимов, Амангелди Муралиев, Азимбек Исабеков, Алмаз Атамбаев, Жоомарт Оторбаев Темир Сариев, Сапар Исаковдор мамлекет жана өкмөт башында турушкан. Өзбекстан талашып келген алыскы Чаткалды Ташкенге бербей алып калган Султан Ибраимовду ушул мезгилге чейин оштук кандаштар өздөрүнүн менчиги катары көрүшөт. «Аккан арыктан суу агат», Дүрдүн жээн небереси Медет Садыркулов менен бир партия түзүп, саясатка аралашкан Элмира Ибраимова бийликтин ысык-суугун көрүп калды. «Калыстыкты как жарган» Элмира айча бийликте турабы, же бийликке атаандаш турабы, Эсеп палатасы акыйкат жыйынтык чыгарып жүрчү. Албетте, акты ак, караны кара дегени үчүн, калайман кыргыз журту  “Атасынын кызы” деген чоң сыймыкты беришип, батасын беришкендери кандай чоң сыйлык!  Элмира Ибраимова коррупциянын коркунучтуу очогуна айланган Эсептөө палатасын жетектеп жүрчү, бирок аны тоголотуп ордун башкалар алышкан. Эми бийлик алмашса да Эсептөө палатасы алмашпайбы? Элмира Султанова атасы сыяктуу ишке так, адилеттүү мамиле кылгандыктан, бул жердеги коррупциянын «коко тикендерин» бирден жулуп ыргытып, эң адилеттүу иштеп жатты эле. Атанын атын булгабай, чындык үчүн чыркырап турган Элмира Султановнадай «Жаңыл мырзаларыбыз» көбөйө берсин демекчибиз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости