www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда 40 жаштагы эне он биринчи баласын төрөдү

Өзбекстандын Андижан шаарында жашаган Шүкүржон менен Насибахон Кадирохуновдордун үй-бүлөсүндө он биринчи баласы жарыкка келди. Бул тууралуу  CentralAsia (UZ) басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, ал 7-сентябрда көз жарган. 40 жаштагы Насибахон менен 3,9 кг салмак менен төрөлгөн кызынын абалы жакшы. Өзү дагы көп балалуу үй-бүлөдө өскөн. Ал 8 бир туугандын бешинчиси (7 кыз, 1 уул).

«Мен 21 жашымда турмушка чыктым. Биринчи балабыз 22 жашымда төрөлүп, Шукрон деп атадык. Азыр ал 18 жашта. Учурда 8 кыз, 3 уулубуз бар", - деди Насибахон.

Балдарына жолдошунун ысымынын башы болгон «Ш» тамгасы менен башталган ысымдарды ыйгарышкан.

- Шукрон;

- Шункорбек;

- Шохидбек;

- Шукуфа;

- Шукура;

- Шонисо;

- Шахина;

- Шавкия;

- Шайхулло;

- Шамсинур;

- Шодийона (жаңы төрөлдү).

"Азыр деле мени менен бир палатада жаткан энелер ишене беришпейт. Балким, мен жаш көрүнгөндүктөн, айрымдар күмөн санашат", - деди Насибахон.

Ошондой эле, бардык балдар табигый жол менен төрөлгөнү кабарланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости