www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда 5 жаштагы балдарды коронавирустан эмдөөгө уруксат берилди. Мындай маалыматты санитардык-эпидемиологиялык кызматтын жетекчисинин орун басары Нурмат Отабеков тараткан.

Анын айтымында, Өзбекстанда 5 жаштан 11 жашка чейинки балдарды эмдөө үчүн атайын жол-жоболор иштелип чыккан. Эмдөөдө баланын ата-энесинин жана аны багуу милдетин алган тараптардын макулдугу каралат.

«Балдарды 0,1 мл Pfizer менен эмдешет», - деди Нурмат Отабеков.

2021-жылдын сентябрында 12 жаштан 18 жашка чейинки балдарды COVID-19 вирусунан Pfizer вакцинасы менен эмдөө иштери башталган болчу. Учурда 800 миңдей бала эмделди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости